Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде

Мирлан Бакытович Калдыбаев

Бул чөнтөк китепчеде өз калемиме таандык чыгармалар камтылды. Бала кезден бери жазылып дептерге сакталып келген ыр жыйнагым назарыңыздарда.

Оглавление

* * *

Приведённый ознакомительный фрагмент книги Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде предоставлен нашим книжным партнёром — компанией ЛитРес.

Купить и скачать полную версию книги в форматах FB2, ePub, MOBI, TXT, HTML, RTF и других

Сагынба

Мен алыста жүрөм сени сагына,

Баргым келет кусалыктан жаныңа.

Атаганат турмуш өзү ташбоорбу?

Таалайым да ачылбады багыма.

Жүрсөң керек күлүп жайнап жайдары,

Ой жаман ойлор чырмайт кайдагы.

Үч жыл мурун коштошконбуз вокзалдан.

Жүрөсүңбү ойноп-күлүп жайдары.

Сапар алып узап кеткем борбордон.

Мигрантар чубап барат ондогон.

Катарында кетип барам кол булгап.

Аман болгун узап жатам борбордон.

Андан бери далай күндөр алмашты,

Ой-чырмап санаа толуп санатты.

Жүрөсүңбү аман-эсен орубай,

Көргүм келет күнүм-күнгө алмашты.

Жаныңа барам буюруса жакында.

Санаа тартып жаным сагынба.

Аман болгун кездешкенче жамалым.

Азап тартып алтыным менин аарыба.

* * *

Приведённый ознакомительный фрагмент книги Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде предоставлен нашим книжным партнёром — компанией ЛитРес.

Купить и скачать полную версию книги в форматах FB2, ePub, MOBI, TXT, HTML, RTF и других

Смотрите также

а б в г д е ё ж з и й к л м н о п р с т у ф х ц ч ш щ э ю я