Артыбызга кылчайганда жашообуз эсте калган айрым көрүнүштөрдөн, көз ирмемдерден турганын байкайбыз. Алар чогулуп келип кыл калемдин майда-майда сүртүмдөрүнөн жаралгандай жашообуздун полотносун түзөт. Бул китепте мен 30 жылдык жашоомдогу ошондой мага кымбат сүртүмдөр менен бөлүшүп жатам.
Приведённый ознакомительный фрагмент книги Сүртүмдөр. Ырлар предоставлен нашим книжным партнёром — компанией ЛитРес.
Купить и скачать полную версию книги в форматах FB2, ePub, MOBI, TXT, HTML, RTF и других
Редактор Жыргалбек Касаболотов
© Марат Шейшекеевич Токоев, 2017
ISBN 978-5-4485-0010-7
Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero
СҮРТҮМДӨР
Анткени
Ырларымдан издебе Гармонияны.
Табыш кыйын, оор аны.
Анткени жан-дүйнөмдүн тоомунда
Бийлик кылат душманы «Дис-»1
Ооруган тиш
Бийлик кылгандай ойлоруңа:
«Зырп» этсе, шамал кулу жалбырактай
Чачылат ойлоруң ар-тарапка.
Бирок да таарынбайм да, өкүнбөйм
Тагдырыма чыгарылган бул өкүмгө.
Анткени жапайы да, азоо да
Ыйлатып, термелткен теректи
Куюн да керектир,
Жел гана эмес үйрөтүлгөн жашоодо:
Кээде керек сезимдерди көнүмүшкө
Багындыртбас акын — АНТИ мүнүшкөр.
«Күн алдында көз карыткан аппак жер…»
Күн алдында көз карыткан аппак жер
Жаңы жылга белек сымал Кудайдан.
Ак белектин күзөтчүсү тентек жел
Ойногондой мени менен жашынмак
«Мен мындамын, эй!», — дегенсип бутактан
Күбүп кетти бубак карды башыма.
Кыймылдабай, ушул карды жамынып,
Окшоштурам өзүмдү бир даракка
Табигатка сезгим келип жакындык.
Бекер үмүт. Чоочун бойдон калдым мен —
Ортодогу көрүнбөгөн жарака
Азиз жанга аттап өткүс чоң экен.
«Улам-улам жолду карайм…»
Улам-улам жолду карайм.
Көрүнбөйбү бир караан?
Кимди күтөм? Өзүм билбейм.
Өзүмдү өзүм алдап келем.
Үмүт менен жашап келем.
Неге күтөм? Өзүм билбейм.
«Эмне» эмеспи «Ким» дегеним?
Чын элеби деги менин
Күткөнүм бул? Өзүм билбейм.
Көлчүктөр
Асмандын үзүктөрү
Караарып жерде жатат.
Күзгү болуп күздүн өртүн
Чагылтуудан катуу тажап.
Эмнеге ал умтулду
Жаан болуп төгүлүүгө?
Тапканы — адам буту
Санаа салган көңүлүнө.
Кайра эңсейт көк асманды,
Жашоосун жыргал, эркин.
Ызасынан бычыратты
Чагылышын ак теректин
«Тирлик менен жерге бекем байланган…»
Тирлик менен жерге бекем байланган,
Ойду жанчып, кишендеген капаста,
Жалынгандай тиктеп чексиз асманга
Булуттардын оюнуна арбалам.
Бул учурда келбейт менин эстегим
(Керек сөзсүз бир нерсеге ишенүү)
Булут дагы эркин эмес, кишендүү,
Көрүнбөгөн желдин кулу экенин.
«Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң…»
Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң
Менден, байкуш, бир нерсени сурайсың.
А көзүңдө ишенбестик, кайгы-муң.
Келчи жакын, теппейм сени, урбаймын.
Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.
Сен караба, менин адам кейпиме.
Чыгаралбай эч ким укпас бугумду
Сендей гана жалдыраган итмин мен.
Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.
Орусча айтсам: «Будет вместе веселей».
Жалдырайсың шыйпаңдатып куйругуң,
Сен да мага ишенбейсиң кенедей.
«Күндүн нуру ойногон…»
Күндүн нуру ойногон
Көктө калкыйт булуттар,
Кайталангыс көрүнүш
Көз ирмемге жаратып,
Жаралантып жүрөгүн
Сүрөтчүнүн, акындын,
Жан умтулуп жетпеген
Сулуулукка чакырып.
Ал чакырык арбаган
Акын тынчтык унутат,
Асып коюп бактысын
Асмандагы булутка.
«Асман бетинде сейилде…»
Асман бетинде сейилде
Ай орогуна илинип
Араң бошонду ак булут.
Эркин жашоодо билбеген
Эмне экени буулугуу
Болгон кайгысы ушудур.
«Жер өлүктөй кепинделген ак карга…»
Жер өлүктөй кепинделген ак карга.
Күн араң жан боз асманда үлбүрөйт.
Дарак суроо белгисиндей, а карга
Бутагында үтүр болуп үргүлөйт.
Бирок дүйнө издегенин акыры
Кубанычсыз бул суздуктан тапкансып
Мемиреп тынч. Айлананын ак ыры
Уйку менен дүйнө бетин жапкансыйт.
«Таңгаласың «Үшүбөйсүңбү-, деп…»
Таңгаласың «Үшүбөйсүңбү-, деп,
— Неге жеңил кийинип алгансың?
Күндү суугун карачы: шөмтүрөп,
Жаан-шамалга жанчылып, сабалып,
Дүйнө жатат бир байкуш, асмандын
Аёо билбес каарына калгансып».
Таңгаласың. Билбейсиң себебин
Турганымдын туйбай суук азабын.
Сууган жүрөк күн суугун сезеби?
«Тарыхтын кумдан барагы…»
Тарыхтын кумдан барагы
Толтура түркүн издерге.
Менин да изим калабы
Бетинде анын бир кезде?
Бирок да шамал-убакыт
Эч кимге билбейт аёону.
Эрмекке жаңы кубанып
Изиме салар ойронду.
Жалгыздык
Басёнун каргасындай жалгыздык
Шоңшойот жан-дүйнөмдүн багында,
Жылаңач бутактары каржайып,
Суналган суз асмандын алдында.
Жымжырттык. Кээде гана угулат
Шамалдын үшкүргөнү кайгылуу,
Оодарып жалбырактар барагын
Ачкандай жок экенин кайрылуу.
Кайрылуу эсил кайран күндөргө
Аянбай жүрөк жанган жалбырттап.
А бүгүн кайырчыдай жүрөгүм
Башканын жалынына жалдырайт.
Басёнун каргасындай жалгыздык
Шоңшойот жан дүйнөмдун багында,
Жылаңач бутактары каржайып,
Суналган суз асмандын алдында.
Короодо өскөн жалгыз даракка
Төрт тарабың сенден бийик дубалдар,
Күн шооласын тоскон сага жеткирбей.
Жалдырайсың аянычтуу, жетимдей —
Эч бир жан жок бул капастан куткараар.
Курчоосунда муздак бетон дубалдын
Элестеткен тунжуроонун эзүүсүн
Жалгыздыктын символунун өзүсүң
Катып калган тиктеп бетин асмандын.
Күз таңы
Кеч күздүн муздак таңы.
Бүрүшүп жатат дүйнө.
Ак кыроо айлананы
Камакка алган түндө.
Бир гана жалбырактын
Отуна алы жетпейт.
Ар жерде ак барактын
Бетинен жалын тиктейт.
«Сууга чөккөн таштай мен чөгүм кетемин…»
Сууга чөккөн таштай мен чөгүм кетемин
Убакыттын кыйырсыз мейкиндигине.
Бул дүйнөдө ушунчалык жашап келгеним
Араң жарайт бир гана «Чулп» эткенине.
«Итке сөөктү ыргыткандай жардамың…»
Итке сөөктү ыргыткандай жардамың
Алайын деп араң барып кармандым.
Катаал турмуш туюк бурчка такаган,
Кечир мени, ит эмесмин — адаммын.
«Ойлорум — көпөлөктүн көлөкөсү…»
Ойлорум — көпөлөктүн көлөкөсү,
Жалыны шам чырактын.
Үлбүрөк көрөңгөсү,
Тууганы жакын — закым.
Кенедей тирлик жели
Бороондой алыс, алыс
Сындырып чачат жеңил
Көксөөсүн анын алсыз
Улуулукту,
Аруулукту…
«Итти көрдүм…»
Итти көрдүм
Өлүп жаткан көчөдө.
Жансыз көздөрү
Өткөндөрдүн
Этектеринен тарткылап
Сурагансыйт аянычтуу:
«Токточу, айтчы,
Бул өлүмбү?»
Жабык бирок
Жан-дүйнөгө эшиктер.
Кайдыгер,
Жийиркенген көз караштар
Өтөт аны чаап бет талаштыра.
Асман
Бүт оордугу менен
Кулагансыды жүрөккө.
А болгону итти көрдүм
Өлүп жаткан көчөдө.
«Эрте жазда өлүм арбайт өзгөчө…»
«Эрте жазда өлүм арбайт өзгөчө».
Бүтпөй калган бир ырымдын баш сабы.
Негедир ал бүгүн келип эсиме
Кетпей койду. Улам-улам шыбырайм,
Жансоогалап келтиргенсип келмени:
«Эрте жазда өлүм арбайт өзгөчө».
Таң маалдагы түшүмдөнбү? Мага окшош
Закым элес караңгыдан унчукпай
Басып келип, карап алып көзүмө
Дагы унчукпай бурулду да жок болду.
Жүрөк сезди ким экенин бул караан.
Жер жарылып урабады үмүттөр,
Мас кылган да кубаныч жок. Бир гана
Муздак колдуу ага бирөө тийгендей
Түштү жүрөк көз ирмемге чыйрыга.
Көзүм ачсам күндүн нуру шыкаалап
Кечиккен жай «Жүр», деп жаңсайт көчөгө.
Жүрөгүм
Сени качан чор баскан,
Жай жашоодо былк этпей
Үлбүрөгөн, жүрөгүм?
Ооруларын сыздаган
Кабылдайсың дүйнөнүн
Окугандай куш кабар.
«Жүрөгүм — паровоз…»
Жүрөгүм — паровоз.
Жылдардын канчасын
Вагондордой чиркештирип
Сүйрөй алат болду экен
Станцияга чейин акыркы
«Өлүм» деген?
Кандай болот күүсү
Дөңгөлөктөрүнүн?
Шаңдуубу?
Же кайгылуубу — күңгүрөгөн?
Билбейм.
Жөн гана жашап келем
Аткарып болушунча
Жараткандын буйругун
«Жаша, — деген, —
Ырлар менен
Узартып өмүрүңдү».
«Өз үнүмөн онтогон…»
Өз үнүмөн онтогон
Селт деп чоочуп ойгонгон
Узак түндөр көп болду.
Неге жүрөк чакырат
Өжөрлөнүп, так, кылдат
Коркунучтуу ойлорду?
Не келет ал айткысы?
Ойлор ненин ачкычы?
Неге кандай убада?
Жол таппаган азиздей
Суроолорго жооп издеп
Болом бекер убара.
«Бул тагдырым…»
Бул тагдырым —
Балким ырым
Менин жалгыз
Кайталангыс.
«Ырды көрдүм түшүмдө…»
Конец ознакомительного фрагмента.
Приведённый ознакомительный фрагмент книги Сүртүмдөр. Ырлар предоставлен нашим книжным партнёром — компанией ЛитРес.
Купить и скачать полную версию книги в форматах FB2, ePub, MOBI, TXT, HTML, RTF и других